Эрдоган Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Курман айт майрамы менен бири-бирин куттукташып, анын бүткүл Палестина калкы жана Ислам дүйнөсү үчүн береке болушу тилеги айтылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда телефондогу сүйлөшүүдө Курман айт майрамы менен бири-бирин куттукташып, анын бүткүл Палестина калкы жана Ислам дүйнөсү үчүн береке болушу тилеги айтылды.
Батыш Шериадагы акыркы абалдардан улам дагы бир кайгылуу майрам өткөрүлгөнүн белгилеген Эрдоган, Женин кол салуусунда каза болгондорго Аллахтан ырайым, үй-бүлөлөрүнө сабыр тиледи.
Президент Эрдоган, Түркиянын Месжид-и Аксанын руханиятына жана абалына зыян келтире турган кадамдарга каршылыгын жана Палестина доосун колдоону уланта турганын баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.