Эрдоган - Путин сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Путин президент Эрдоганга Вагнер тобунун орус башкаруучулугуна каршы куралдуу козголоң аракетине байланыштуу өлкөсүндөгү абал тууралуу маалымат берди

2003957
Эрдоган - Путин сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путинге колдоосун билдирди.

Кремлден жасалган билдирүүдө Эрдогандын Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалды.

Сүйлөшүүдө Путин президент Эрдоганга Вагнер тобунун орус башкаруучулугуна каршы куралдуу козголоң аракетине байланыштуу өлкөсүндөгү абал тууралуу маалымат берди.

Эрдоган да Путинге толук колдоосун билдирди. 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда да телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россияда болгон акырыкы абалдар каралды. 

Президент Эодоган сүйлөшүүдө акыл менен кыймыл кылуунун маанисине басым жасады.

Эрдоган : "Түркия катары  болуп өткөндөрдү  тынчтык менен тез арада чечүү үчүн өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,-деди.

Путин президент Эрдогандан тышкары Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөсүндөгү абал тууралуу маалымат берди.

Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин орус армиясын  лагерине кол салды деп айыптап,  жооп кайтаруу үчүн аракетке өткөндөрүн билдирген.

Бул боюнча Федералдык коопсуздук кызматы "куралдуу козголоң" деген айыптоо менен кылмыш ишин ачкан.

Россиянын коргоо министрлиги Вагнердин лагерине кол салуу болду деген айыптоолорду четке каккан. 

 



Тектеш кабарлар