Ирактын түндүгүндө жок кылынган террористтин германиялык экени белгилүү болду

15-июнда Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында кол салууга даярданган террордук топ аныкталды.

2002043
Ирактын түндүгүндө жок кылынган террористтин германиялык экени белгилүү болду

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан өткөн жумада Ирактын түндүгүндө таасирсиз кылынган жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн бири Германиянын жараны экени белгилүү болду.

Улуттук коргоо министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда, түрк аскерлери тарабынан 15-июнда Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында кол салууга даярданган террордук топ аныкталган.

Андан соң аймакка жөнөтүлгөн куралдуу учкучсуз аппараттар тарабынан террордук топ жок кылынган. Өлтүрүлгөн террористтердин биринин Германиянын Майнбург шаарында туулган «Азед Сергеш» каймана аттуу Томас Ж. экендиги белгиленди.  

Немис жараны террористтин Мюнхенде террордук уюмдун катарына кошулганы белгилүү болду.

Коопсуздук адистери бул абалды «террордук уюмга ички кошулуунун дээрлик жокко эсе экени» жөнүндөгү билдирүүлөрдүн эң чоң далили деп сыпаттады. Террордук уюмдун учурда чет өлкөдөгү жаштарды алдоого аракет кылып жатканын белгилеген адистер, терроризм менен күрөшүүдө кызматташтыктын маанисине көңүлдөрдү бурду.

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер да өткөн жумада Брюсселдеги НАТОнун борборундагы Коргоо министрлеринин жыйынынын соңунда журналисттерге берген маалыматында террор менен күрөшүүгө басым жасап, «ПКК/ЙПГ/ПЙД менен күрөшүп жатабыз. ФЕТӨ, ДЕАШ, Аль-Каида жана башка бардык террордук уюмдар менен акырына чейин күрөшүүгө чечкиндүүбүз. Бул темада бардык шериктештерибизден толук колдоо күтөбүз»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар