Ирактын түндүгүндө шейит

Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1998158
Ирактын түндүгүндө шейит

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-кулпу операциясы» аймагына жикчил террордук уюм тарабынан жайгаштырылган колго жасалган жардыргыч заттын жардырылышынын натыйжасында жараланган 2 аскер шейит болду.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм тарабынан «Чеңгел-кулпу» операциясы аймагына жайгаштырылган жардыргыч заттын жарылышынын себебинен жөө аскер адиси сержант Жем Ахмет Кая менен жөө аскер адиси сержант Халил Шахиндин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө жаралуу аскерлердин дарыланып жаткан ооруканада бардык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албаганы жана шейит болгону кабарланды.



Тектеш кабарлар