Түркия Жидде декларациясын кубаттады

Тышкы иштер министрлиги Суданда армия менен HDK ортосунда кол коюлган Жидде декларациясына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

1986007
Түркия Жидде декларациясын кубаттады

Түркия Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда кол коюлган Жидде декларациясын кубаттады.

Тышкы иштер министрлиги Суданда армия менен HDK ортосунда кол коюлган Жидде декларациясына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө, «Судандын куралдуу күчтөрү менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы гуманитардык муктаждыктарды канааттандырууну жана жардам иш-аракеттерин жеңилдетүүнү караган Жидде декларациясын кубаттайбыз. Декларациянын Суданда туруктуу ок атышпоо жана инклюзивдүү диалогдун түзүлүшүнө жол ачарын үмүт кылабыз»,-делди. 

Билдирүүдө Судандагы гуманитардык абалдын жакшырышы жана бардык судандыктардын негизги муктаждыктарына үзгүлтүксүз жетүүсү үчүн эң чоң каалоолор белгиленген.

«Түркия дос жана боордош Суданда тынчтык жана ырааттуулукту орнотуу үчүн ушул убакка чейин жасаган аракеттерине ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр»,-деп айтылды.

Суданда армия менен HDK ортосунда бир айга жакын убакыттан бери уланып жаткан кагылышууларды токтотуу максатында Сауд Арабиянын Жидде шаарында тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында 11-майда «Жидде декларациясына» кол коюлду.

АКШ жана Сауд Арабиянын ортомчулугунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө кол коюлган декларацияда Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) карапайым калкка зыян келтире турган ар кандай кол салуудан алыс боло турганы белгиленип, судандыктар эки тарап үчүн артыкчылыктуу болуп саналаары баса белгиленди.

15-апрелде эртең менен Судандын борбору Хартумда жана башка шаарларда Судан армиясы менен HDKнын ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган.

«HDKнын армияга толук катышуусун» караган аскердик коопсуздук реформасына байланыштуу армия менен HDK ортосундагы пикир келишпестик акыркы бир нече айда кызуу кагылышууга айланган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кагылышууда каза болгондордун саны 604кө, жаракат алгандардын саны 5127ге жеткенин жарыялады.

 



Тектеш кабарлар