Чет өлкөдө жашаган түрктөр өз добуштарын берип жатышат

Добуш берген шайлоочулардын саны алгачкы 6 күндө 955 миңден ашты.

1982189
Чет өлкөдө жашаган түрктөр өз добуштарын берип жатышат

14-майда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө добуш берүү рекорддук катышуу менен уланууда.

Чет өлкөдө жашаган түрктөрдүн шайлоо толкундануусу үкөктөргө да чагылууда.

Шайлоо участкаларынын алдында узун кезектер пайда болууда. Добуш берген шайлоочулардын саны алгачкы 6 күндө 955 миңден ашты.

1,5 миллион түрк шайлоочусу жашаган Германияда алгачкы 6 күндө 352 миң 131 киши добуш берди.

2018-жылдагы шайлоонун алгачкы 6 күнүнө салыштырмалуу добуш берүүгө катышуу Германияда 35 пайыз, Францияда 58 пайыз, Австрияда 60 пайызга өстү.

Бүгүнтөн тарта Чехия, Израиль, Италия, Польша жана Румынияда добуш берүү башталды.

Ушундайча чет өлкөдө добуш берүү жүрүп жаткан өлкөлөрдүн саны 26га жетти. Бул 5 өлкөдө 7-майга чейин добуш берүү мүмкүн болот.

Быйылкы шайлоо үчүн 73 өлкөдө түзүлгөн шайлоо участкаларында чет өлкөдөгү шайлоо тизмесине катталган 3,5 миллион адам добуш берүүгө укуктуу.



Тектеш кабарлар