Чет өлкөдө добуш берүү
Чет өлкөдөгү добуш берүү процесси уланып жатат.
![Чет өлкөдө добуш берүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c435/5b55/71c2/644f80824bbde.jpg?time=1719166497)
Түркияда 14-майда боло турган Президенттик жана парламенттик шайлоонун алкагында Финляндия, Ливан жана Катарда чет өлкөдөгү шайлоо тизмесине катталган шайлоочулар добуш бере башташты.
Финляндиянын борбору Хельсинкиде бүгүн шайлоо участкаларына бара баштаган шайлоочулар 7-майдын кечине чейин добуш бере алышат.
Ливандын борбор шаары Бейрут, Катардын борбор шаары Доха жана Швециянын борбор шаары Стокгольмдо курулган үкөктөрдө да шайлоочулар бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн баштап добушун бере баштады.
14-майда боло турган шайлоонун алкагында Жогорку Шайлоо Кеңеши (YSK) тарабынан чет өлкөдөгү тизмеге катталган 3 миллион 416 миң 98 шайлоочу үчүн дүйнөнүн 73 өлкө жана 156 чет элдик өкүлчүлүктөрдө үкөк комиссиялары түзүлдү.
Чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө добуш берүү 9-майда аяктайт. Өлкөсүндө белгиленген мөөнөттө добуш бере албагандар 14-майга чейин бажы бекеттеринде добуш бере алышат. Бул шайлоочулар үчүн бажы бекеттеринде 4671 үкөк орнотулду. Добуш берүү 46 бажы бекетинде 24 саат бою уланат.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719166497)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.