Эрдогандын Афьонкарахисардагы билдирүүлөрү

Президент Эрдоган Афьонкарахисарда сөз сүйлөдү.

1976642
Эрдогандын Афьонкарахисардагы билдирүүлөрү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, коргоо өнөр жайында ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн 20 пайыздан 80 пайызга көбөйткөндөрүн айтты.

Эрдоган Афьонкарахисардагы сөз сүйлөөсүндө Африкадан Балканга, Азиядан Жакынкы Чыгышка чейин бардык жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү менен империалисттик колониялык тартипке «токто» дешкендерин баса белгилеп: "Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан «Дүйнө бештен чоң» деп үн катып, империалисттер түптөгөн дүйнөлүк системага биз каршы чыктык",- деди.

Коргоо өнөр жайындагы ата мекендик өндүрүштүн көлөмүн 20 пайыздан 80 пайызга көтөрүшкөндөрүн белгилеген Эрдоган, Түркия кылымын да эмгек жана кызмат саясаты менен көтөрө тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар