IMECE спутнигин учуруу операциясы кечеңдетилди
IMECE спутниги 21-февралда АКШдагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасына жөнөтүлгөн.
![IMECE спутнигин учуруу операциясы кечеңдетилди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/aaf0/797f/4665/6434fa2ce18e4.jpg?time=1718406250)
Түркиянын биринчи жергиликтүү жана улуттук байкоо спутниги IMECEнин учуруу операциясы кечеңдетилди.
ТҮБИТАКтын (Түркиянын илимий жана техникалык изилдөө кеңеши) Твиттер эсебинен берилген маалыматта IMECE спутнигин орбитага алып чыга турган Falcon 9 ракетасынын иштешинен жооптуу SpaceX бүгүн ишке ашыруунун мүмкүн эмес экендиги расмий түрдө жарыялагандыгы билдирилди.
Билдирүүдө учурда бир күнгө кечеңдетилген учуруунун так күнү жана убактысынын кийинчерээк жарыялана турганы белгиленди.
Бир тараптан SpaceXтин Твиттер эсебиндеги билдирүүдө командалардын аба ырайына байкоо жүргүзүп жаткандыгы билдирилди.
IMECE спутниги 21-февралда АКШдагы Ванденберг космостук күчтөрүнүн базасына жөнөтүлгөн.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Италияда](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/4b0f/cbdf/a0c5/65d8a6a8559e4.jpg?time=1718406251)
Эрдоган Италияда
Италиянын премьер - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.