Эрдоган Италияда

Италиянын премьер  - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.

2153166
Эрдоган Италияда

Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жетиликтин лидерлер саммитине катышуу үчүн Италиянын Бриндизи шаарына барды. Президент Эрдоганды Бриндизи аэропортунда тышкы иштер министри Хакан Фидан, Түркиянын Рим элчиси Өмер Гүчлүк, Түркиянын Ватикандагы элчиси Уфук Улуташ, Рим жана Ватикан элчилигинин жооптуу кызматкерлери тосуп алышты.

Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган президенттиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башкы кеңешчиси, элчи Акиф Чагатай Кылыч жана президенттиктин коммуникация башкармалыгынын орун басары Чагатай Өздемир да Италияга барды. 

Италиянын премьер  - министри Жоржия Мелони саммитке келген лидерлерди бир бирден тосуп алды.

Президент Эрдоган да саммитке келгенде Мелони менен кол алышып, басма сөз өкүлдөрүнө сүрөткө түшүштү.

Эрдоган андан кийин Африка жана Жер Ортолук деңиз – Жасалма интеллект жана энергия боюнча жогорку деңгээлдеги сессиясына катышты.

Отурумда президент Эрдогандын оң жагында Иорданиянын Королу  2 -  Абдуллах, сол тарабында АКШнын президенти Жо Байден орун алды. Эрдоган отурум башталгандан мурда Байден, Король  2 -  Абдуллах, Франциянын президенти Эмануэль Макрон жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен маектешти. 

Үй-бүлөлүк фотосүрөттө орун ала  турган жана бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турган президент Эрдоган маданий иш-чараларга жана расмий эмес сый тамактарга катышат.

 


 



Тектеш кабарлар