Pegasusтан майрамга карата кошумча каттамдар

Кошумча каттамдардын 64ү ички каттамдарга, 28и Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР), 4ү Италияга жана 1и Кувейтке жүргүзүлөт.

2153092
Pegasusтан майрамга карата кошумча каттамдар

Pegasus аба жолдору 14-24-июнь күндөрү Курман айт майрамына карата 97 кошумча каттамды пландады.

Кошумча каттамдардын 64ү ички каттамдарга, 28и Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР), 4ү Италияга жана 1и Кувейтке жүргүзүлөт.

Майрамдан улам жүргүнчүлөр эң көп тандаган учуу багыттары Адана, Анталья, Бодрум, Даламан жана Измир болду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасына суроо-талаптын жогору болушуна байланыштуу Сабиха Гөкчен, Анталья жана Измир аэропортторунан кошумча каттамдар уюштурулат.

Pegasus жүргүнчүлөрү чет өлкөгө саякаттоодо Италияны тандашты.


Этикеткалар: #Pegasus жүргүнчүлөрү

Тектеш кабарлар