Эрдоган-Нахайян жолугушуусу

Президент Эрдоган жолугушууда Израилдин Палестина жерлеринде жүргүзгөн геноцид саясаттарына каршы Ислам дүйнөсүнүн биримдикте болушунун маанилүү экенин айтты.

2153193
Эрдоган-Нахайян жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Италияда Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Мухаммед Бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Эрдоган Чоң жетиликтин лидерлер саммитине катышуу үчүн барган Италиянын Борго Эгназия шаарына сапарынын алкагында Аль Нахайян менен жолугушуусунда Түркия-БАЭ карым-катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды. 

Президент Эрдоган жолугушууда, Израилдин Палестина жерлеринде жүргүзүп жаткан геноцид саясаттарына каршы Ислам дүйнөсүнүн биримдикте болушунун маанилүү экенин айтты.

Эрдоган Газада ок атышпоонун дароо камсыздалышы жана гуманитардык муктаждыктар үчүн аймакка жөнөтүлгөн жардамдардын палестиналыктарга оңой жеткирилишинин негизги күн тартип беренеси катары каралып бул үчүн аракеттердин көрүлүшү керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар