Израилдин палестиналыктарга карата жасаган зомбулугу айыпталууда

Израилдин коопсуздук күчтөрү Харем-и Шарифтин ыйыктыгын бузуп, Акса мечитине операция жүргүзүштү.

1970370
Израилдин палестиналыктарга карата жасаган зомбулугу айыпталууда

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Месжид-и Аксанын руханиятын жана ыйыктыгын эске албай, ибадат кылган палестиналыктарга жасаган мыкаачылыгын айыптады.

Шентоп социалдык тармактагы билдирүүсүндө, Израилдин күнөөсүз палестиналыктарга кысымын Рамазан айында мусулмандардын ыйык күндөрүндө да улантып жатканын белгиледи.

Израилдин мамилесине каршылык көрсөткөн Шентоп: «Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн Месжид-и Аксанын руханиятына жана ыйыктыгына көңүл бурбастан палестиналык боордошторубузга жасаган мыкаачылыктарын айыптайм. Бул адамкерчиликсиз мыкаачылыкты айыптоо жана Палестинанын адилеттүү доосун колдоо, алардын жанында болуу биздин адамдык жана моралдык милдетибиз»,-деди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да өз билдирүүсүндө: «Израилдин эч кандай жаман ою жок адамдарга карата кыймылын катуу айыптайм»,-деди.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик болсо Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Палестиналыктарга карата жасалган бул урматсыздыкты жана зомбулукту айыптайбыз. Израиль коопсуздук күчтөрү Харем-и Шарифтин ыйыктыгын бузуп, Месжид-и Аксаны тинтишти. Бул мыйзамга жана биздин ыйык баалуулуктарыбызга каршы жасалган иш. Ошондой эле палестиналык бир туугандарыбыздын дин жана абийир эркиндигине мыйзамсыз кийлигишүү болуп саналат»,-деп айтты.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да: «Израиль коопсуздук күчтөрүнүн, биринчи кыбылабыз болгон Месжид-и Аксага кол салышын айыптайбыз. Кудс менен Акса мечитинин диний жана тарыхый статусун өзгөртүү аракеттерине каршы чыгууну улантабыз»,-деди.

Тышкы иштер министрлиги да Израиль күчтөрүнүн Аксага карай кол салуулары жана провокацияларына байланыштуу билдирүү жасап айыптаган болчу.



Тектеш кабарлар