Чавушоглу МИКТАнын жыйынында сөз сүйлөдү

Индиянын борбор шаары Нью-Делиде MIKTAнын 23-тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү.

1953873
Чавушоглу МИКТАнын жыйынында сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын МИКТАнын (Мексика, Индонезия, Түштүк Корея, Түркия жана Австралия) кезектешкен төрагалыгы учурундагы приоритетинин глобалдык ден соолук, миграцияны эффективдүү башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугу болгонун айтты.

Континенттер аралык бейрасмий кеңешүү жана координация платформасы MIKTAнын 23-тышкы иштер министрлеринин жыйыны Индиянын борбор шаары Нью-Делиде өттү.

Жыйынга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард, Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди, Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг жана Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ли Дохун катышты.

Чавушоглу жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин колдоо көрсөткөн MIKTA мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, уюмдун 7-февралда жарыяланган биргелешкен билдирүүсүнүн маанисине көңүл бурду.

Чавушоглу, MIKTAнын кезектеги төрагалыгына байланыштуу: «Бүгүн биз төрагалыкты Индонезияга өткөрүп берип жатабыз. Глобалдык ден соолук, миграцияны эффективдүү башкаруу жана азык-түлүк коопсуздугу өлкөбүздүн кезектешкен төрагалыгында приоритетибиз болду»,-деди.

Түркия жана Бириккен Улуттар Уюмунун демилгелери менен 22-июлда кол коюлган Стамбул Дан келишиминин глобалдык азык-түлүк кризисин жоюу үчүн өтө маанилүү элемент экенин баса белгилеген Чавушоглу, өткөн жылы Түркиянын төрагалык мөөнөтүндө МИКТАнын атынан Украина, Пакистан жана Бангладештеги рохинжа мусулмандарына гуманитардык жардам көрсөткөндөрүн билдирди.

Чавушоглу МИКТАнын бардык мүчөлөрүнүн өнүгүү жана гуманитардык жардамда абдан маанилүү ролду ойногон өлкөлөр экенин баса белгилеп, MIKTAнын тажрыйбасына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша биргелешкен иш-аракеттерин өнүктүрө ала тургандарына ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар