Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүүдө Түркияда болгон жер титирөөлөр жана бир жыл болгон Россия  -  Украина согушу тууралуу абалдар талкууланды.

1951354
Эрдоган Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россиянын президенти Владимир  Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркияда болгон жер титирөөлөр жана бир жыл болгон Россия  -  Украина согушу тууралуу абалдар талкууланды.

Президент Эрдлган жер титирөөдөн улам көрсөткөн тилектештик үчүн Россиянын президенти Путинге ыраазычылык билдирди.

Россия  -  Украина согушунда дагы көп жоготуу жана кыйроо болбостон адилеттүү тынчтыктын түзүлүшү керектигин белгилеген президент Эрдоган Стамбулда түзүлгөн макулдашуунун кайрадан жандандырылышын каалашкандарын,  бул тууралуу бардык салымды кошууга даяр экендерин айтты.

Президент Эрдоган кечээ Украинанын президенти Владимир Зеленский менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө  Россия  -  Украина согушу тууралуу абалдар сөз болду.

Эрдоган жер титирөөдөн улам Түркияга тилектештик көрсөткөн Украинанын президенти Зеленскийге  ыракмат айтты.



Тектеш кабарлар