Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Түркиядагы жер титирөөлөр жана Орусия-Украина согушуна байланыштуу жагдайлар каралды.

1951247
Эрдоган-Зеленский сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө Түркиядагы жер титирөөлөр жана бир жыл болгон Орусия-Украина согушуна байланыштуу жагдайлар каралды. 

Эрдоган жер титирөөдөн улам Түркияга тилектештикти көрсөткөн Украинанын президенти Зеленскийге ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган Орусия-Украина согушунда ок атуунун токтотулушу жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечүү жол табуу, тынчтыкты орнотуу үчүн ар кандай салымдарды кошууга даяр экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар