Сенегалдын президенти Салл Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Президент Салл Твиттердеги баракчасынан билдирүү бөлүштү.

1949057
Сенегалдын президенти Салл Эрдоганга ыраазычылык билдирди

Сенегалдын президенти Макки Салл, Хатайда кызмат кылган Сенегалдын издөө-куткаруу тобу менен жолугушкан президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Президент Салл Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Сенегалдын издөө-куткаруу тобу менен жолугушкан президент Эрдоганга ырахмат айтты.

Салл Сенегалдын бул оор мезгилде түрк эли жана өкмөтү менен тилектеш экенин белгиледи.

Сенегал өкмөтү өткөн апталарда Түркияга 30 кишилик издөө-куткаруу тобун жиберген болчу.

6-февралда болгон жана 11 облуска таасирин тийген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр миңдеген адамдардын өмүрүн алган.



Тектеш кабарлар