Эрдоган жер титирөө болгон аймакка барды

Президент Эрдоган жана Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) төрагасы Девлет Бахчели жер титирөөдөн жабыркаган Османиеде жарандар менен жолугушту.

1949538
Эрдоган жер титирөө болгон аймакка барды
bahceli-erdogan osmaniye'de.jpg
bahceli-erdogan osmaniye'de.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жер титирөөдөн жабыркаган шаарлардын борборлору сыяктуу айылдарды да бир жылдын ичинде жандандырууну максат кылгандарын айтты.

Президент Эрдоган жана Улуттук кыймыл партиясынын (MHP) төрагасы Девлет Бахчели жер титирөөдөн жабыркаган Османиеде жарандар менен жолугушту.

Илимпоздордун, 6-февралда болгон жер титирөө апаатынын дүйнөнүн кургактыктагы эң катуу жер титирөө болгонун айтканын эске салган Эрдоган: «Өлкөбүз табигый кырсыктарга кабылды»,- деди.

Кесепеттерди жоюу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялап жатышкандарын баса белгилеген Эрдоган, жер титирөөдөн жабыркагандардын тамактуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн керектүү чараларды көргөндөрүн, Кызылайдын күнүнө болжол менен 2,5 миллион кишиге азык-түлүк таратканын маалымдады.

Таштандыларды чыгаруу иштери менен бирге контейнерлерди жайгаштыруунун уланып жатканын билдирген Эрдоган 865 миң жарандын чатырларга, 23 миң 500 жарандын да контейнерлерге жайгаштырылганын айтты.

Туруктуу турак жайлардын курулушу үчүн кадам таштай баштагандарын баса белгилеген Эрдоган: «Бир жылдын ичинде биз бул турак үйлөрдү куруп жарандарыбызды жайгаштырабыз деп үмүттөнөбүз. Март айында жалпысынан 270 миң жаранды үй ээси кылуу максатында турак жайларды курууну баштайбыз. Жоготууларыбызды кайтара албасак да, мамлекетибиз кыйраган үйлөрдүн ордуна дагы күчтүүсүн курууга кудуреттүү»,-деди.

Президент Эрдоган менен Девлет Бахчели Османиедеги жер титирөөдөн жабыркаган аймактарды кыдырып чыгышты.

Андан соң Газиантепке барган Эрдоган менен Бахчели Нурдагы районундагы контейнер шаарчада жер титирөөдөн жабыркагандар менен сүйлөштү.



Тектеш кабарлар