Чавушоглу Коста-Рикага тилектештик көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди
Министр Чавушоглу Түркияга расмий сапар менен келген Коста-Риканын тышкы иштер министри Арнольдо Андре Тиноко менен Тышкы иштер министрлигинде жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 6-февралда болгон жана «кылым апааты» деп сыпатталган очогу
Кахраманмараш болгон 11 провинцияга таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдөн улам Коста-Рикага Түркия менен тилектештик көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Министр Чавушоглу Түркияга расмий сапар менен келген Коста-Риканын тышкы иштер министри Арнольдо Андре Тиноко менен Тышкы иштер министрлигинде жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Чавушоглу: «Менин кесиптешим Арнольдо бүгүн тилектештик сапары менен жүрөт. Мен аларга жана жеке Коста-Рика мамлекетине жана элине бул процессте тилектештиги жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем»,-деди.
Жардам сунуштаган 101 өлкөгө ыраазычылык билдирген тышкы иштер министри жер титирөө болгон аймактарда издөө-куткаруу иштерине активдүү катышкан өлкөлөрдүн санынын 74, персонал санынын 7 миң 98 экенин белгилеп, 15 өлкөдөн 4 миң 236 кызматкер өз милдеттерин аткарып, өз өлкөлөрүнө кайтып келишкенин айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.