Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Жагдайга жараша лидерлер катары сүйлөшөбүз"
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Сирия менен байланыш тууралуу : "Жагдайга жараша лидерлер катары сүйлөшөбүз",- деди.
Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында сөз сүйлөдү.
Бүгүн эрте менен Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн эске салган Эрдоган сүйлөшүүдө Россия - Украина согушун кенен түрдө талкуулашкандарын айтты.
Аймакта эмнелердин жасала аларын сүйлөшкөндөрүн айткан Эрдоган Түркия - Россия карым - катнаштарына да баа бергендерин билдирди.
Сирия тууралуу Россия - Түркия - Сириянын ортосунда чалгындоо жана коргоо министрлеринин Россиянын борбор шаары Москвада өткөн жумада жолугушуусу менен бир процесс башташкандарын айткан Эрдоган : "Тышкы иштер министрлерибизди кайрадан жолугуштурабыз. Андан кийин да абалдарга жараша лидерлер катары жолугушабыз. Максатыбыз аймакта тынчтыкты, бейпилдикти түзүү",- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.