Эрдоган Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Мустафа Шентоп борбор шаар Анкарада парламенттин кабарчылары менен жолугушту.

1924844
Эрдоган Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, президент Режеп Таййип Эрдоганды Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөткөнүн билдирди.

Мустафа Шентоп борбор шаар Анкарада парламенттин кабарчылары менен жолугушту.

Шентоп билдирүүсүндө президент Эрдогандын, 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушун токтотуу аракетине басым жасап: «Президентибиз Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча менин арызым бар. Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн парламент спикерлери жана депутаттардын кайрылуулары да болот»,- деди.

Эрдогандын орус-украин согушун токтотуу үчүн аракет кылган, эки тарап менен тең сүйлөшө алган жалгыз лидер экенин баса белгилеген Шентоп: «Калыс баа берилсе бул укуктун да (Нобель Тынчтык сыйлыгы) тапшырылышы керектигине ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар