Эрдоган «Аялдардын салымы» темалуу жыйынга катышты

Эрдоган: "Күчтүү үй-бүлө болбостон күчтүү эл болбойт",-деди.

1920942
Эрдоган «Аялдардын салымы» темалуу жыйынга катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, аялдарга ар бир тармакта позитивдүү дискриминация кылуу менен алардын кыялдарына жетүүсүнө керектүү колдоолорду көрсөтүп жаткандарын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда өткөрүлгөн «Аялдардын салымы» темалуу жыйынга катышты.

Ишкер аялдарды жана аялдар кооперативдерин колдоо пакетин жарыялаган Эрдоган: «Биздин аялдар өлкөбүздүн демократия жана өнүгүү кадамдарынын бардыгында болгондой эле акыркы 20 жылда биз ишке ашырган бардык реформаларга салым кошушту. Түркия кылымын да сиздер менен чогуу курабыз»,-деди.

Бизнестен долбоорлорго, энергетикадан технологияга, санариптик трансформациядан турак жайга чейин кеңири чөйрөнү камтыган жаңы колдоо пакетинин ийгиликтүү болушун каалаган Эрдоган, иштеген, өндүргөн жана жакшы жашоо үчүн аракет кылган ар бир аялды колдогондорун айтты.

«Аялдарды тоготпогон коом, өзүнүн потенциалынан жана күчүнүн жарымынан баш тартты дегенди билдирет» деген президент: «Үй-бүлөнүн негизги тиреги болгон аялдардын өндүрүш менен бирге саясатта да активдүүлүгүнүн жогорулаганы чындык. Күчтүү үй-бүлө болбостон күчтүү эл болбойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар