Эрдогандын Балкан өлкөлөрүнө сапары

Жолугушууларда үч өлкө менен эки тараптуу карым-катнаштар кеңири талкууланат.

1876160
Эрдогандын Балкан өлкөлөрүнө сапары

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кесиптештеринин чакыруусу менен 6-7-8-сентябрда Босния-Герцеговина, Сербия жана Хорватияга расмий сапар менен барат.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, жолугушууларда үч өлкө менен эки тараптуу карым-катнаштар кеңири талкууланат.

Биргелешкен инфраструктура жана инвестиция долбоорлору баш болгон учурдагы ар түрдүү тармактардагы кызматташтыктын мындан ары да улануусу үчүн жасала турган иштер карала турган жолугушууларда, Балкан өлкөлөрүндөгү абалдар жана эл аралык темалар боюнча пикир алмашуу болот. Үч өлкөдө тең бизнес форумдары өткөрүлөт. Президент Эрдоган Хорватиянын Сисак шаарындагы Ислам маданият борборунун ачылыш аземине да катышат.



Тектеш кабарлар