Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Түрк куралдуу күчтөрү террористтерди таасирсиз кылууну улантууда.

1870812
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Сириянын түндүгүндөгү "Тынчтык булагы" аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Түрк куралдуу күчтөрүбүз террористтерди аныкталган жерде таасирсиз кылууну улантууда. "Тынчтык булагы" аймагына кол салууга даярданып жаткан 3 ПКК/ЙПГ террористи жок кылынды»,-деп кабарланды. 

Министрликтин берки билдирүүсүндө да, Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-кулпу» операциясы аймагында террористтерге таандык курал жана ок-дарылардын колго түшүрүлгөнү маалымдалды.

Бир тараптан улуттук коргоо министри Хулуси Акар 17-апрелден бери Ирактын түндүгүндө ПККга каршы жүргүзүлүп жаткан «Чеңгел-кулпу» операциясында ушул убакка чейин 333 террористтин жок кылынганын айтты.


Этикеткалар: #Түрк куралдуу

Тектеш кабарлар