Чавушоглу Балкан өлкөлөрүнө барат
Министр Чавушоглу бул өлкөлөрдө кесиптештери, мамлекет/өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, түрк коомунун өкүлдөрү менен жолугушат.
![Чавушоглу Балкан өлкөлөрүнө барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/587d/c8da/ae3c/6246dcf36bca1.jpg?time=1719070493)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 15-19-июнь күндөрү расмий сапар менен Сербия, Хорватия, Босния-Герцеговина жана Косового барат.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Мевлүт Чавушоглунун сапарларында актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер менен бирге эки тараптуу карым-катнаштардын да талкууланышы пландалганы белгиленди.
Министр Чавушоглу бул өлкөлөрдө кесиптештери, мамлекет/өкмөт башчылары жана парламент төрагалары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, түрк коомунун өкүлдөрү менен жолугушат.
Бир тараптан Чавушоглу 2022-жылдын 16-июнунда (эртең) Түндүк Македониянын Охрид шаарында өткөрүлө турган Prespa Dialogue форумуна катышып, жогорку деңгээлдеги расмий ачылыш сессиясында сөз сүйлөйт.
Министр Чавушоглу форумдун алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт жана Түндүк Македониядагы түрк коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719070493)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.