Түркиянын зооттолгон унаасы чет өлкөдө сыноо өткөрдү

"Нурол Макина" ишканасы брондолгон унааларды экспорттогон Венгрияда бул ирет минометтук унааларын көрсөтүп аткылоо сыноосун ийгиликтүү өткөрдү.

1818408
Түркиянын зооттолгон унаасы чет өлкөдө сыноо өткөрдү

Түрк коргонуу өнөр жайынын өнүмү Эждер Ялчын жана Йөрүк 4х4 унааларынын минометтук версиялары Венгрияда кыр көрсөттү.

"Нурол Макина" ишканасы брондолгон унааларды экспорттогон Венгрияда бул ирет минометтук унааларын көрсөтүп аткылоо сыноосун ийгиликтүү өткөрдү.

Эждер Ялчын жана Йөрүк 4х4 минометтук унаалары 81 жана 120 миллиметрлик минометтор менен командо, жөө аскерлер, моторлуу жана механикалаштырылган жөө аскер бөлүктөрүнүн шарттуу жана ассиметриялуу операциялык чөйрөлөрүндө ок атуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштей алат.

Эждер Ялчын жана Йөрүк миномет унаалары ар кандай талааларда жогорку кыймылдуулугунун негизинде ок атылгандан кийин тез жана коопсуз түрдө жерлерин алмаштыра алышат. Ушундайча унааны душман элементтери тарабынан аныктоо кыйын болуп калат.



Тектеш кабарлар