Президент Эрдоган Шарифти куттуктады

Президент Эрдоган Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1810723
Президент Эрдоган Шарифти куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Пакистандын жаңы премьер - министри Шахбаз Шарифти куттуктады. Президент Эрдоган Шариф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө Эрдоган Пакистан парламентинин кубаттоосу менен премьер - министрликке шайланышынан улам Шахбаз Шарифке куттуктоосун билдирди. Шайлоонун жыйынтыгынын дос жана боордош Пакистан калкы үчүн пайдалуу болушун каалаган президент Эрдоган, Түркияны тамыры терең тарыхы, достук жана бир туугандык байланыштары менен  Пакистандагы окуяларды жакындан иликтешкендерин, Пакистан калкы беттешкен бардык кыйынчылыктар  жана  тоскоолдуктарга карабастан,  демократиядан жана укуктун үстөмдүгүнөн баш тартпагандыгындагы бир жолу көрсөткөндүгүн айтты.

 Президент Эрдоган Түркия катары Пакистанга ушул убакка чейин кандай колдоо көрсөтсө, келечекте да  колдоо көрсөтө тургандарын баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар