Министрлер Toggдун рулуна отурушту

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен казына жана каржы министри Нуреддин Небати Toggдун Гемлик мекемесин зыярат кылышты.

1807956
Министрлер Toggдун рулуна отурушту

Türkiyeнин ата мекендик унаасы Toggдун сыноолорго кирген эң жогорку версиясы эки министрди кабыл алды.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен казына жана каржы министри Нуреддин Небати Toggдун Гемлик ишканасын зыярат кылышты.

Бул жерде министрлер Toggдун жетекчилиги менен жыйын өткөрүштү.

Андан соң эки министр жана аларды коштогондор Togg Гемлик ишканасын курулушунда иликтөөлөрдү жүргүзүштү.

Иликтөөлөрдөн кийин эки министр Toggдун биринчи өндүрүлө турган SUV үлгүсүнүн жогорку версиясынын кызыл жана ак түстөгү сыноо унаасынын рулуна отурушту.

Toggдун отургучуна биринчи отурган министр Небати, мунун абдан сонун сезим экенин айтты.

Андан кийин айдоочунун орундугуна отурган министр Варанк: «Адамдар (бул унаанын) ичине киргенде өздөрүн коопсуз сезишет, анын эң заманбап экенине сыймыктанышат. Муну Türkiyeнин инженерлери жана техникалык адамдардын жасаган болушу, башынан аягына чейин Türkiyeден чыгышы абдан баалуу иш»,-деди.

Уюлдук экосистеманын абдан тез өзгөрүп жатканын белгилеген Варанк: «Дүйнөдө өнөр жай абдан тез өзгөрүүдө. Мына бул унаа, чындыгында Türkiyeнин өзгөрүп жаткан тармакка жообу. Биз Togg менен Türkiyeдеги өзгөчө камсыздоочуларды, көмөкчү өнөр жайды жана бардык өндүрүүчүлөрдү өзгөртөбүз»,- деп айтты.

Ата мекендик унаанын 2023-жылдын биринчи чейрегинде жолго чыгышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар