Чавушоглу Брюсселде

Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүү жасады.

1808409
Чавушоглу Брюсселде

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу, «Биз дагы көп сүйлөшүүлөр болушун күтөбүз. Бул балким тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде болот», - деди.

Чавушоглу НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө байланыштуу билдирүү жасады.

«Тилекке каршы, Бучада жана кээ бир аймактарда көргөн пейзаждар позитивдүү атмосферага зыян келтирди»,-деп айткан Министр Чавушоглу: «Биз дагы эле үмүттөнөбүз, оптимисттик маанайдабыз. Оор маселелер бар, бирок биз аракетибизди улантышыбыз керек. Türkiye катары биз колубуздан келгендин баарын жасап жатабыз. Эки тарап тең мамлекет башчылары жолуга алат деген пикирде. Биз эки тарапты тең лидерлеринин жолугушуусу үчүн шыктандыруудабыз»,-деди.

Бир тараптан тышкы иштер министри Чавушоглу жолугушууларынын алкагында Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли менен жолугушту.

Чавушоглу Türkiye соода палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) Бельгия өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн «Türkiye кооздуктары» аттуу фото сүрөт көргөзмөсүн да ачты.



Тектеш кабарлар