Фахреттин Алтун ТРТ Түрктүн жаңыланган мазмуну тууралуу сөз сүйлөдү

Алтун ТРТнын  Türkiyeнин үнүн дүйнөгө жана түрк диаспорасына эң туура жана күчтүү түрдө жеткирүүдө чоң жоопкерчиликтери бар экенин баса белгиледи.

1806027
Фахреттин Алтун ТРТ Түрктүн жаңыланган мазмуну тууралуу сөз сүйлөдү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы  Фахреттин Алтун Түркиянын дүйнөнүн эч бир жеринде жарандарын кароосуз калтырбай турганын көрсөткөнүн айтты.

Алтун Стамбулда Сиркежи станицясында  ТРТ Түрктүн жаңыланган мазмунун  тааныштыруу программасында сөз сүйлөп, ТРТ Түрк түзүлгөн биринчи күндөн бери чет өлкөдөгү жарандар, тектештер жана боордош коомдор үчүн ар дайым өзгөчө позицияда болгонун баса белгилеп, алардын өлкө жана маданият менен байланыштарын улантууда маанилуу милдетти аткарып жаткандыгын баса белгиледи.

Türkiyeнин эпидемия учурундагы аракеттерине токтолгон Алтун : "Биз эпидемияга каршы күрөштө өз жарандарыбызды дүйнөнүн эч бир жеринде кароосуз калтырбай турганыбызды көрсөттүк. Муну ушул күндөрү Украина - Россия согушунда дагы көрсөттүк жана көрсөтүп жатабыз",- деди.  

ТРТнын  Türkiyeнин үнүн дүйнөгө жана түрк диаспорасына эң туура жана күчтүү түрдө жеткирүүдө чоң жоопкерчиликтери бар экенин баса белгилеген Алтун : "ТРТнын бүгүнкү күндө улуттук жана эл аралык каналдары аркылуу коомдук берүүнүн эң мыкты үлгүлөрүн көрсөтүп жатканы менен сыймыктанабыз. Тематикалык каналдары, билим берүү программалары жана ар башка тилдердеги берүүлөрү менен ТРТ улуттук жана адеп-ахлактык баалуулуктарды, маданиятыбызды сактоонун бир каражаты болуп саналат. ТРТ бул мааниде Эл аралык аренада Türkiye Республикасынын акыркы 20 жылдагы чоң бурулушу тууралуу коомчулукка туура маалымат берүү жагынан да маанилүү бир каражат»,-деди.

Алтун ТРТ Түрктүн билим берүүдөн маданиятка, ден-соолукка, социалдык коопсуздукка чейин кеңири чөйрөдө жаңы программалары менен аял-эркек дебей бардык жаш курактагы топтор кызыккан берүүлөргө көңүл бура турганын айтты. Чет өлкөдөгү жарандардын жана ар түрдүү маданияттардын бирге жашоосу Европадагы түрктөргө жардам берерин жана мунун мусулмандарга карата шектүү көз караштарды жок кылууга жардам берерине ишенгенин айтты.



Тектеш кабарлар