Чавушоглу Гүмүлжиненин муфтийин куттуктады

Чавушоглу социалдык тармактагы баракчасынан куттуктоо жарыялады.

1804371
Чавушоглу Гүмүлжиненин муфтийин куттуктады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Батыш Фракия түрк азчылыгынын консультативдик кеңешинин төрагалыгына кайрадан шайланган Гүмүлжине (Комотини) муфтийи Ибрахим Шерифти куттуктады.

Министр Чавушоглу социалдык тармактагы баракчасынан: «Батыш Фракия түрк азчылыгынын консультативдик кеңешинин төрагалыгына кайрадан шайланган Гүмүлжине муфтийи Ибрахим Шерифти куттуктап, ийгиликтеринин уланышын каалайм»,-деп билдирди.

Чавушоглу ошондой эле: «Азчылык тарабынан шайланган муфтийлерди урматтоо Лозанна келишиминин (1923) талабы экенин дагы бир жолу Грециянын эсине сала кетейин»,-деди. 



Тектеш кабарлар