Ноорузга карата куттуктоолор

Октай менен Алтун куттуктоо жарыялашты.

1799068
Ноорузга карата куттуктоолор

Вице-президент Фуат Октай Нооруз майрамынан улам куттуктоо жарыялады.

Октай социалдык тармактагы баракчасынан бөлүшкөн куттуктоосунда: "Жаздын жарчысы, молчулуктун жана түшүмдүн символу болгон Нооруздун өлкөбүзгө жана дүйнөбүзгө акыркы мезгилде адамзат абдан муктаж болгон тынчтык жана бейпилдикти алып келээрине чын дилимден ишенем",-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун да Твиттердеги баракчасынан 21-март Нооруз майрамы менен куттуктады. 

Алтун куттуктоосунда: "Тынчтык менен бирге береке, токчулук, биримдик, ынтымак келсин. Нооруз майрамыбыз куттуу болсун",- деп жазды. 


Этикеткалар: #Жаздын жарчысы

Тектеш кабарлар