Украинадан дагы 172 түрк жараны эвакуацияланды

Чавушоглу: "Эвакуацияланган жарандарыбыздын саны 14 миң 824кө жетти. Жолуңар шыдыр болсун",-деди.

1795719
Украинадан дагы 172 түрк жараны эвакуацияланды

Орусия-Украина согушунан улам кечээ дагы 172 түрк жараны Украинадан эвакуацияланды.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө Киев, Львов, Черновцы, Харьков, Полтова, Била Церква жана Конотоптон дагы 172 түрк атуулунун жолго чыкканын белгиледи.

Эвакуацияларга байланыштуу графикти бөлүшкөн Чавушоглу 130 кишинин поезд менен Била Церква, Львов жана Черновцыдан, 42 кишинин да автобустар менен Харьков, Полтова жана Конотоптон эвакуацияланганын айтты.

Чавушоглу: "Эвакуацияланган жарандарыбыздын саны 14 миң 824кө жетти. Жолуңар шыдыр болсун",-деди.

Кечээ 63 кишиге чек арадан өтүүдө колдоо көрсөткөндөрүн билдирген Чавушоглу, согуштун башталышынан бери 4 миң 933 кишиге чек арадан өтүүдө колдоо көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу. 



Тектеш кабарлар