Акар Шойгу менен сүйлөштү жана Флейкти кабыл алды

Акар Түркиянын аймактагы тынчтык жана гуманитардык жардам үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

1791950
Акар Шойгу менен сүйлөштү жана Флейкти кабыл алды

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Украинага байланыштуу акыркы абалдар талкууланган сүйлөшүүдө министр Акар «Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн тынчтыктын орношуна, ырааттуулуктун камсыздалышына жана гуманитардык абалдын жөнгө салынышына чоң салым кошорун, ушундайча туруктуу чечимдин мүмкүн болорун» айтты.

Мындан ары адам өлүмү катталбашы үчүн Украинанын бүтүндөй жеринде тынчтык жана ырааттуулук үчүн тез арада ок атышпоо жарыяланышынын маанилүү экенин белгилеген Акар, жарандардын эвакуацияланышы үчүн гуманитардык коридорлорду ачуу аракетинин кубандыруучу экенин маалымдады.

Акар учурдагы кырдаалдан улам орус портторунда күткөн коммерциялык кемелердин Түркияга коопсуз келүүсү үчүн колдоо күткөнүн билдирди.

Ошондой эле Түркиянын аймактагы тынчтык жана гуманитардык жардам үчүн буга чейинкидей эле мындан ары да өз милдетин аткарууга даяр экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бир тараптан Улуттук коргоо министри Акар Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Анкарадагы элчиси болуп дайындалган Жеффри Флейкти кабыл алды.

Акар элчи Флейкке жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.



Тектеш кабарлар