Мицотакис Түркияга келет
Мицотакис президент Эрдоган тарабынан кабыл алынат.
1791060
Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис 13-мартта Түркияга келет.
Мицотакис Стамбулдагы Фенер Рум Патриархатындагы жөрөлгөгө катышкандан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан кабыл алынат.
Жолугушууда эки лидердин негизги күн тартиби Орусия-Украина кризиси болмокчу.
Ошондой эле Түркия-Греция карым-катнаштары жана берки аймактык маселелердин да каралышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.