Чавушоглу НАТОнун саммитине катышат
Чавушоглу жыйындын алкагында кээ бир кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт.
1789415
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган НАТОнун Тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышат.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: "Министрибиз 2022-жылдын 4-мартында Брюсселде өтө турган НАТОнун тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйынына катышат. Жыйында Украинага байланыштуу учурдагы окуялардын талкууланышы күтүлүүдө. Министрибиз жыйындын алкагында кээ бир кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт»,- деп маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.