Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу дипломатия жүргүздү

Мевлүт Чавушоглу АКШ менен Укриананын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1785003
Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу дипломатия жүргүздү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу  дипломатия жүргүзүүдө.

Мевлүт Чавушоглу АКШ менен Укриананын тышкы иштер министрлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Чавушоглу кесиптештери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүндө кечээ Россиянын Украина аймагында баштаган аскердик операциясы жана андан кийинки абалдарды талкуулап, Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдоону уланта тургандарын баса белгиледи.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс сүйлөшүүгө  байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берип : "Министр Блинкен Түркияга Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоого көрсөткөн күчтүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди",-деди. 

Ошол эле учурда Дмитрий Кулеба АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Россиянын Украинага аскердик кийлигишүүсү тууралуу телефон аркылуу сүйлөштү. Кулеба твиттерден берген маалыматында Россиянын өлкөсүнө каршы «ырайымсыз согушун» токтотуунун жолдорун сүйлөшүшкөнүн белгиледи.

Кулебанын айтымында, Блинкен АКШнын жаңы санкциялары жана Украинаны жаңы коргонуу куралдары менен камсыздоо пландары тууралуу маалымат берген. Ошондой эле Кулеба : «Украина чыдап жатат. Дүйнөнүн жардамына муктажбыз»,- деди.

Россия кечээ Украинага аскердик операция баштаган.



Тектеш кабарлар