Хулуси Акар британиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.

1785507
Хулуси Акар британиялык кесиптеши менен сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын Украинага гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Россиянын Украинага кол салуусунан кийин көптөгөн кесиптештери менен телефон дипломатиясын уланткан Акар, Украинанын коргоо министри Олексий Резников менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Акар сүйлөшүүдө украиналык кесиптешине Түркиянын гуманитардык жардамга даяр экенин, тынчтык жана бейпилдиктин камсыздалышы үчүн өз түшкөн  милдетти аткара турганын билдирди.

Министр Акар кечээ да Украинанын коргоо министри Резников менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинадагы акыркы абалдарды талкуулашкан.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар бүгүн түшкү сааттарда да Британиянын коргоо министри Бен Уоллес менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда жолугушууда Украинадагы акыркы абалдар менен эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук темалары каралды.



Тектеш кабарлар