Түркия кээ бир Европа өлкөлөрүнүн билдирүүлөрүнө ыраазы

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2142792
Түркия кээ бир Европа өлкөлөрүнүн билдирүүлөрүнө ыраазы

Испания, Ирландия жана Норвегиянын Палестинаны тааный турганын жарыялоосуна Түркиянын ыраазы болгону маалымдалды.   

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кээ бир Европа өлкөлөрүнүн Палестина мамлекетин тааный турганы жөнүндөгү билдирүүлөрүнө байланыштуу: «Испания, Ирландия жана Норвегия Палестина мамлекетин тааный турганын жарыялаганына абдан кубанычтабыз. Палестинаны таануу эл аралык укуктун, адилеттиктин жана абийирдин талабы. Басып алынган Палестина элинин өз укуктарынын кайтарылышы жана Палестинага эл аралык коомчулукта өзүнүн укуктуу статусун берүү жагынан өтө маанилүү кадам. Түркия катары, Палестинаны дагы көптөгөн өлкөнүн таануусуна карата аракетибизди улантабыз»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар