Тышкы иштер министринин орун басары Беларуста

Серим Беларустун тышкы иштер министринин консулдук иштерден жооптуу орун басары Евгений Шестаков менен жолугушту.

2143036
Тышкы иштер министринин орун басары Беларуста

Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим Беларустун борбор шаары Минскте расмий жолугушууларды өткөрдү.

Серим Беларустун Тышкы иштер министрлигинде Түркия-Беларусь консулдук консультацияларынын алкагында Беларустун тышкы иштер министринин консулдук иштерден жооптуу орун басары Евгений Шестаков менен жолугушту.

Түркиянын Минск элчиси Гүчлү Жем Ышык да катышкан кеңешмелерде, түрк жана беларусь жарандарын жакындан кызыктырган жашаган жери, калкы, атуулдук жана укуктук маселелер баш болгон эки өлкөнүн консулдук карым-катнаштарынын күн тартибиндеги бардык темалар кеңири талкууланып, конкреттүү кадамдар макулдашылды.

Мындан тышкары Түркиянын Минсктеги элчилиги менен Беларустун Анкарадагы элчилиги үчүн өз ара бөлүнүүчү жер тилкеси боюнча протоколго кол коюлду.

Тышкы иштер министринин орун басары Серим Беларуска иш сапарынын алкагында Түркия менен карым-катнаштардан жооптуу тышкы иштер министринин орун басары Юрий Амбразевич менен да жолукту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, соода-сатык мамилелери, транспорт жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн пикир алмашылды.

Белоруссиядагы жолугушууларынын алкагында Минск элчилигине барып, элчилик кызматкерлери менен жолуккан Серим Беларустагы түрк ишкерлери менен элчиликте жолугушту.

Жолугушууда келечекте соода жана инвестицияны арттыра турган кадамдарга баа берилди.

Серим президент Режеп Таййип Эрдоган менен Беларустун президенти Александр Лукашенконун катышуусунда ачылган Минск мечитинде Беларусь мусулмандарынын муфтийи Эбубекир Шабанович менен жолугушту.

Жолугушууда муфтияттын облустагы аткарып жаткан иштери жана долбоорлору талкууланды.



Тектеш кабарлар