Түркия - Швейцария саясий кеңешүүлөрү
Эки өлкөнүн ортосундагы саясий кеңешүүлөр тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдигинин төрагасы, элчи Мехмет Кемал Бозай менен Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, элчи Александр Фаселдин жетекчилигинде өттү.
Борбор шаар Анкарада Түркия - Швейцария саясий кеңешүү жыйыны өттү.
Эки өлкөнүн ортосундагы саясий кеңешүүлөр тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдигинин төрагасы, элчи Мехмет Кемал Бозай менен Швейцариянын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы, элчи Александр Фаселдин жетекчилигинде өттү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү катары кызматын улантып жаткан Швейцария менен болгон кеңешүүлөрдө Швейцария менен эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү ар тараптуу талкууланды.
Терроризм жана мыйзамсыз миграция менен күрөшүү маселелери да күн тартибине киргизилди. Швейцария түрк коомчулугун кызыктырган маселелер да талкууланды.
Июнь айында Швейцариянын жетекчилгинде өткөрүлүшү күтүлгөн Украина Тынчтык саммитине кошумча Түркиянын Украина - Россия келишпестигинин алкагында аймактын жана Европанын коопсуздугу үчүн активдүү ролу да каралды.
Айрыкча Жакынкы Чыгыш, Кавказ жана Балкан өлкөлөрү боюнча актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.