Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады

Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.

2153274
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган ислам дүйнөсүн Курман айт майрамы менен куттуктады.

Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялап : "Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Бул ыйык күндөрдүн элибизге, ислам дүйнөсүнө жана жалпы адамзатка жакшылыктарды алып келүүсүн Жараткандан тилейм",-деди.

Президент Эрдоган  Израилдин зулумдугуна кабылган газалыктарга да майрамдык билдиүү жарыялап :  «Газада геноцид кылган Израилдин зулумдугунан жапа чеккен боордошторумду Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм жана күн сайын кыргынга учураган боордошторубузга тынчтык, коопсуздук жана туруктуулук каалайм",- деди. 

Эрдоган Газага жардамдын 55 миң тоннадан ашканын айтып, Израиль менен бардык соода операцияларынын токтотулганын эске салды.

 

Президент Эрдоган билдирүүсүндө террор менен күрөшүү темасына да токтолуп : «Террор менен күрөшүүдөн жол берүү  мүмкүн эмес, 40 жыл элибиздин  канын жана ресурстарын жок кылууга аракет кылган  жикчил террорду жок кылганга чейин операцияларыбызды улантабыз», - деди.

 



Тектеш кабарлар