Чавушоглу эртең Казакстанга барат
Министр Чавушоглунун президент Касым Жомарт Токаев тарабынан да кабыл алынуусу күтүлүүдө.
1783718
![Чавушоглу эртең Казакстанга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9491/88a5/5711/6166b99381aa7.jpg?time=1719071908)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен эртең Казакстанга барат.
Министрликтин жазуу түрүндөгү маалыматына караганда, министр Чавушоглу Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухтар Тилеуберди менен биргеликте ар кандай актуалдуу, аймактык жана эл аралык темалар карала турган Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 7-жыйынына төрагалык кылат.
Министр Чавушоглунун президент Касым-Жомарт Токаев тарабынан да кабыл алынуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719071909)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.