Чавушоглу Дакарда

Чавушоглу менен Сенегалдын тышкы иштер министри Айссата Талл Салл Түркиянын Дакардагы элчилигинин канцелярия имаратынын ачылышында сөз сүйлөштү.

1783143
Чавушоглу Дакарда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын дүйнөдөгү эң чоң дипломатиялык тармакка ээ 5 өлкөнүн катарына киргенин айтты.

Чавушоглу менен Сенегалдын тышкы иштер министри Айссата Талл Салл Түркиянын Дакардагы элчилигинин канцелярия имаратынын ачылышында сөз сүйлөштү.

Дакарда биринчи консулдуктун 1909-жылы жана биринчи элчиликтин 1962-жылы ачылганын эске салган Чавушоглу,  бүгүн да бул ачылыш менен эки тараптуу карым-катнаштарда жаңы этап башталганын белгиледи.

Түркиянын дүйнөдөгү эң чоң дипломатиялык тармакка ээ өлкөлөрдүн бири экенин эске салган Чавушоглу: "Дипломатияда таасирдүү болуу үчүн аянтчада болуу керек. Ал үчүн биз дипломатиянын инфраструктурасын да чыңдап жатабыз. Ушул түшүнүк менен биз дүйнөдөгү эң чоң дипломатиялык тармакка ээ 5 өлкөнүн бири болдук",-деди.

Мевлүт Чавушоглу Сенегал бийлигине да кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип: "Биз Сенегалды сыпаттаган "теранганы", б.а Сенегалдын меймандостугун жана биздин жалпы маданиятыбыздын үлгүлөрүн ар бир барган сайын сезебиз",-деп айтты.

Сенегалдын тышкы иштер министри Салл да бул канцеляриянын түрк желеги желбиреген имарат эмес, терең, эффективдүү жана көп өлчөмдүү кызматташтык жана карым-катнаштардын символу экенин белгиледи.

Сенегалдын Африканын каалгасы экенин эске салган Салл, Сенегалда түрк желегин желбиретип жатканына кубанычта болгондорун билдирди. 



Тектеш кабарлар