Эрдоган Косово элин куттуктады
Президент Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан куттуктоо жарыялады.
1780611
Президент Режеп Таййип Эрдоган Косовонун Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Президент Эрдоган социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган куттуктоосунда: "Тарыхый достук жана бир туугандык байланыштарыбыз бар Косовонун эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Боордош Косово элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык каалап, чын жүрөктөн чыккан саламымды жолдойм",-деди.
Сербиядан бөлүнүп 2008-жылдын 17-февралында эгемендигин бир тараптуу жарыялаган Косово 14 жылдыгын белгилөөдө.