Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты

Мехмет Шимшек Британияда  Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.

2154499
Министр Шимшек  экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты

Казына жана каржы министри  Мехмет Шимшек Түркиянын бир жылда жүргүзгөн экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты.

Мехмет Шимшек Британияда  Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.

Түркиянын сатып алуу күчүнүн паритети боюнча дүйнөнүн 11 - эң чоң экономикасы болгонун белгилеген Шимшек, өткөн жылдагы жер титирөөлөрдөн кийин бюджетте чоң дефицит болгонун айтты.

Шимшек бир жылдын ичинде экономикада олуттуу жылыш болгонун белгиледи.

Түркияда инвестиция чөйрөсүн жакшырткандарын баса белгилеген Шимшек экономика программасынын борборунда алдын ала билүүнүн орун алганын да айтты.

 



Тектеш кабарлар