Хаккариде «Эрен Кыш-25» операциясы башталды

Операцияга 555 кызматкер жана 37 ыкчам топ катышууда.

1778043
Хаккариде «Эрен Кыш-25» операциясы башталды

Хаккариде жикчил террордук уюм ПККга каршы «Эрен Кыш-25» операциясы башталды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, кыш мезгилинде террористтерди «Изде-тап-жок кыл» тактикасы менен таасирсиз кылуу, ошондой эле бардык даярдыктарына тоскоол болуу жана аймактагы тынчтык чөйрөсүн чыңдоо максатында Хаккариде «Эрен Кыш-25» операциясы башталды.

Операцияга 555 кызматкер жана 37 ыкчам топ катышууда.

Билдирүүдө өлкөдө террорду толугу менен жок кылуу максатында жүргүзүлгөн «Эрен Кыш» операцияларынын жарандардын колдоосунун негизинде ишенимдүү жана чечкиндүү түрдө ийгиликтүү улана турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар