Чавушоглу менен Муттаки телефон аркылуу сүйлөштү

Министрликтен алынган маалыматка караганда, министрдин орун басары Муттаки Түркиядан чыгып Гератка жеткен алгачкы «Жакшылык поезди» үчүн ыраазычылык билдирди.

1775987
Чавушоглу менен Муттаки телефон аркылуу сүйлөштү
Çavuşoğlu-Komilov.jpg

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Талибандын Ооганстандагы убактылуу өкмөтүнүн тышкы иштер министринин орун басары Эмирхан Муттаки менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, министрдин орун басары Муттаки жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) тести позитив болгон президент Режеп Таййип Эрдоганга эң жакшы каалоолорун айтып, Түркиядан чыгып Гератка жеткен алгачкы «Жакшылык поезди» үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүдө министр Чавушоглу алдыдагы мезгилде да Ооганстанга жардам поездинин жолго чыгышы пландалганын айтты.

Чавушоглу Муттакиге Ооганстанда кеңири катышуу менен өкмөттүн түзүлүшү өлкөнүн ырааттуулугу жана тынчтыгы үчүн маанилүү экенин баса белгилеп, өлкөдө кээ бир активист аялдардын жоголушу жөнүндөгү кабардан тынчсыздангандарын айтты.

Кыздардын билим алуусунун да маанилүү экенин баса белгилеген министр Чавушоглу, бул темада Ооганстанда ташталган оң кадамдарды байкап жаткандарын айтты.

Анда Ооганстандагы «Маариф» мектептерин кайра жандандыруу маселеси да талкууланды.

Чавушоглу менен Муттаки Кабул баш болгон Ооганстандагы аэропорттордун Түркия жана Катар менен өнөктөштүктө иштетилишине байланыштуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы абалды да талкуулашты.

Бир тараптан Чавушоглу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен сүйлөштү.

Министрликтен алынган маалыматка караганда, Чавушоглу кесиптеши Камилов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө эки тараптуу мамилелер жана Ооганстандагы кырдаал талкууланды.



Тектеш кабарлар