Эрдоган соцтармактардагы баракчаларынан 2021-жылга баа берди

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчаларынан 2021-жылдагы иш-аракеттерге байланыштуу маалымат берди.

1755217
Эрдоган соцтармактардагы баракчаларынан 2021-жылга баа берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны максаттарына жеткирүү үчүн ар жылдагыдай эле 2021-жылы да токтобогондорун, жолун улантып күнү-түнү иштегендерин айтты.

Президент Эрдоган социалдык медиа баракчаларынан 2021-жылдагы иш-аракеттерге байланыштуу маалымат берди.

«Түркияны максаттарына жеткирүү үчүн ар жылдагыдай эле 2021-жылы да токтогон жокпуз, жолубузду улантып күнү-түнү иштедик»,- деген Эрдоган сөзүндө муктаж болгон жарандарга колдоо көрсөткөндөрүн, зордук-зомбулуктун алдын алуу борборлорунун негизинде көптөгөн мыйзамдык багыттар берилгенин, майыптарды жана мамлекеттин коргоосундагы жаштарды жумуш менен камсыз кылгандарын, муктаж болгондордун үйлөрүнө кызмат көрсөтүп финансылык жактан жардам бергендерин баса белгиледи.

Эрдоган жалпы көрүүчүлөрү 54 миң 255 кишилик 4 стадионду шаарларга жана спорт клубдарына тартуулагандарын, арасында Формула-1 да болгон 164 эл аралык спорттук иш-чараны ийгиликтүү өткөргөндөрүн түшүндүрдү.

«Эркин адам, күчтүү коом, демократиялуу Түркия» перспективасын ортого салган Адам укуктары боюнча иш-аракет планын да билдиргендерин эске салган Эрдоган: «Биз жаныбарларды коргоо мыйзамына түп-тамырынан өзгөртүү киргизүү менен досторубуздун алдындагы жоопкерчилигибизди аткардык»,-деди.

Эрдоган: «Коопсуздук бөлүмдөрүбүзгө караштуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз жалпысынан 43 миң 857 саат учту»,-деп айтты.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан 181 террордук кыймылдын алдын алганын белгилеген Эрдоган, бөгөттөлгөн кыймылдардын натыйжасында миңдеген ок-дарылардын колго түшүрүлгөнүн белгиледи.



Тектеш кабарлар