Түркия Мадагаскарга көңүл айтты
Билдирүүдө: «Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос Мадагаскар элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.
Түркия Мадагаскарда кеминде 83 адамдын өмүрүн алган кеме кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн таратты.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Мадагаскардын түндүк-чыгыш жээктеринде бир кеменин чөгүп кетишинин натыйжасында кеминде 83 кишинин каза болушунун терең кайгыга салганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, дос Мадагаскар элине жана өкмөтүнө көңүл айтабыз»,-деген сөздөр камтылды.
Мадагаскардын Деңизчилик жана дарыя порт агенттигинин жооптуусу Мами Рандрианавони, жүргүнчү ташууга уруксат берилбеген жүк ташуучу кеменин 20-декабрга караган түнү көп сандаган жүргүнчүдөн улам оодарылып кеткенин кабарлаган.
Чөгүп кеткен кемедеги жүргүнчүлөрдүн 83үнүн каза болгонун белгилеген Рандрианавони, кырсыктан кийин 50 кишинин куткарылганын, дайынсыз жоголгон кишилер үчүн издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын айткан эле.